• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Башкы прокуратурада эмне үчүн «Манас» эпосу жаңырып турат?

31 Үчтүн айы 2024 13:19 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратуранын имаратынын аймагында Манас жаңырып турганын себеби, ар бир мамлекет өзүнүн улуттук баалуулуктарына көңүл бурушу керек. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда өткөн маалымат жыйында Башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Зулушевдин айтымында, эпостор аркылуу кызматкерлерди мекенчилдикке тарбиялоо максаты көздөлөт.

«Улуттук балуулуктар, руханий байлыктар аркылуу адамдын мекенчил сезимдери козголуп, ишмердик ошого негизделет. Бизде кызматкерлердин көпчүлүгү кыргыз тилинде окуп, жазып калышты. Азыр 95 пайызы кыргыз тилин кеңири колдонушат. Натыйжасын берип жатат», — деди Зулушев.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары Башкы прокуратура иш кагаздарын толук кыргыз тилинде жүргүзө баштады.

Количество просмотров: 164