• Бейшемби 11 Кулжа 2026
  • Четверг 11 Июнь 2026

Мэрия “Манас” университетинин тосмосун бузуп баштады. Ал жерде жаңжал чыккан

11 Кулжа 202612:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясы тарабынан Тыналиев көчөсү менен Чыңгыз Айтматов проспектин кошо турган Миңжылкыев көчөсүн узартуу үчүн Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тосмосу атайы техника менен алынууда.

Соцтармакка тараган видеолордон жеринде пикир келишпестик орун алганын, бир жаран техниканын жолун тороп, бузууга каршы болуп жатканын көрүүгө болот.

Ал эми Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев журналисттерге иштр тууралуу комментарий берип, жолду ачуу ишин саясатташтырбоо керектигин айтты.

“2016-жылы ушул университеттин тапшырмасы менен Миңжылкиев жана Анарбек Бакаев көчөсүн көрсөтүшкөн. Тиешелүү документтер даярдалып, чечимдер кабыл алынган. Демек, бул жол башында эле бар эле. 2026-жылы Бишкектин башкы планы иштелип жатканда университет жолго байланыштуу сунуш берген эмес”, — деди ал.

Эске салсак, мэрия Болот Миңжылкыев көчөсүн узартууну пландап, жол Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин аймагы аркылуу өтмөй болгон. Буга каршы болгон Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин стунденттери, шаардын айрым тургундары кол топтоп баштаган.

Количество просмотров: 29