• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Башкы прокуратурасы: Куралдуу күчтөр ички чыр-чатактарды жөнгө салууда колдонулбайт

23 Бештин айы 202017:35 Бишкек Govori.TV

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына «Жарандык көзөмөл комитети» уюмунун: «Бишкек шаарына жакын жайгашкан жерде аскерлер тарабынан командалык-штабдык машыгуу өткөрдү, бийлик аскерлерди шайлоодон кийинки нааразылык акцияларын басыш үчүн өз жарандарына каршы колдонууга аракет кылышы ыктымал» деген билдирүүсү жарыяланган.

Макалада, «Жарандык көзөмөл комитети» уюму башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиевге чукул эскертүү берип, бул машыгуу мыйзамга жана аскер кызматкерлеринин Конституцияга берген антына канчалык туура келерин териштирүүнү үндөгөн.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жогорудагы макала боюнча «бийлик аскерлерди шайлоодон кийинки нааразылык акцияларын басыш үчүн өз жарандарына каршы колдонууга аракет кылышы ыктымал» деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирет.

Анткени, ушул жылдын 9-декабрында, 73809 аскер бөлүгүнүн базасында элдик кошуун, Кыргыз Республикасынын Ички иштер, Өзгөчө кырдаалдар жана Саламаттык сакто министрлигинин кызматкерлеринин катышуусу менен Куралдуу Күчтөрдүн командалык-башкаруу органдары тарабынан «Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү аймактарында өзгөчө кырдаал режимин киргизүү шарттарындагы Куралдуу Күчтөрдүн жана башка мамлекеттик органдардын аракеттери» боюнча  комплекстүү командалык-штабдык машыгуу өткөндүгү аныкталды.

Күч түзүмдөрү жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырууда биргелешкен иш-аракеттердин жалпы түшүнүгүн жана тартибин иштеп чыгууда, өз ара аракеттенүүнү уюштуруу ыкмаларын жана жолдорун өркүндөтүү максатында биргелешкен машыгуу өткөрүүсү алдын-ала пландаштырылгандыгын белгилейт. Ошондуктан, жогоруда айтылган машыгуу шайлоого эч кандай тиешеси жок деп эсептейт. Себеби, «Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө» мыйзамына ылайык Куралдуу Күчтөр ички чыр-чатактарды жөнгө салуу үчүн колдонулбайт.

Количество просмотров: 78