• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Башкы прокурор: Жапаровдун ишинде жаңы ачылган жагдайлар жок

17 Чын куран 201914:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.04.2019.Govori.TV.

Бүгүн ЖКнын жалпы жыйынында Башкы прокурор Ө. Жамшитовдун 2018-жылдагы ишинин отчету угулуп жатат. Анда депутат Зиядин Жамалдинов камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши тууралуу сөз кылып, Жапаровдун кайрылуусу жетишээрлик деңгээлде каралбай жатканын айтты.

«С. Жапаров бир эмес эки жолу жаңы ачылган жагдайлардан улам ишин кайра карап берүүсүн айткан. Жабырлануучу Эмил Каптагаев эч кандай дооматым жок деген. Буга карабастан эч кандай чаралар көрүлбөй жатат»,- деди депутат.

Эл өкүлүнүн суроосуна Жамшитов: «Негизи жаңы ачылган жагдайлар деп соттук териштирүү убагында каралбаган маселелер болсо ошолор жаңы ачылган жагдайлар болуп эсептелинет. Ал эми соттук териштирүүдө баары каралган жана такталган. Мындан улам жаңы ачылган жагдайлар жок деген чечимге келгенбиз»,- деп жооп берди.

Ө. Жамшитов кошумчалап өткөндөй, жабырлануучу тарап жаңы мыйзамга ылайык түз эле Жогорку сотко кайрыла алат.

Эске салсак, Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде камалган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл, алты айга кесилген. 

Количество просмотров: 14