Бишкек. 14.02.2019. Govori.TV.
Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Бишкек ЖЭБинде жүргүзүлгөн иштер боюнча маалымат берилүүдо. Анда ЖК депутаты Дастан Бекешев ЖЭБ боюнча козголгон иштердин сот процесси ачык болуусу керектигин айтты.
» Өткүрбек Жамшитович сизден сураныч ушу сот процесси ачык эле болсунчу, себеби парламенттик сот болбой эле бир тараптуу маалымат уктук «,-деди депутат.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттын суранычына бул маселени сот чечээрин айтып, «бирок, менин оюмча ачык эле болот»,- деген оюн айтты.
Эске салсак, Бишкек Жылуулук электр борборунда 2018-жылдын январында болгон авария жана оңдоп-түзөөгө кеткен каражаттын чоо-жайын депутаттык комиссия иликтеген. Анда “Кытайдан алынган насыя боюнча сүйлөшүү өткөрдү, документтерди иштеп чыккан жана кол койду” деген 30га жакын жетекчинин тизмеси түзүлгөн.
Алардын арасында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, мурдагы каржы министри Ольга Лаврова жана башкалар бар.
Комиссиянын төрагасы Улан Примов Кытайдын ТВЕА компаниясы менен келишим түзүүдө Кыргызстандын кызыкчылыгы толук эске алынбай калганын айткан. Натайжада ЖЭБге байланыштуу төрт кылмыш иши козголуп, өкмөт башчылар баш болгон 15тей аткаминер, кызматкер камалган.