• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Башкы прокурор Зулушев Баткенге иш сапары менен барды

27 Бугу 202210:33 Бишкек Govori.TV

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 26-майда Баткен облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Зулушев республика боюнча болуп өткөн ротациянын негизинде Баткенге дайындалган прокурорлор жана облустун бардык прокуратура кызматкерлери менен жолугушкан.

Ошондой эле иштөө шарттары, турак жай маселеси жана Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасынын имараты, алардын кызматтык турак-үйдүн курулуштары менен жеринде таанышып чыккан.

Количество просмотров: 378