• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Башкы прокурордун отчетун депутаттар колдоду

21 Бугу 202015:51 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш 21-майда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун былтыркы жылга карата отчетун «канааттандырарлык» деп тапты.

Башкы прокурордун баяндамасын бекитүү жана ага канааттандырарлык деген баа берүү тууралуу токтомго жыйынга катышкан 113 депутаттын баары «макул» деген добуш беришти.

Жамшитов сессияда айтылган сын-пикирлердин баары каралып, талдана турганын билдирди. Ал сессияга чейин парламенттин тармактык комитеттеринде баяндама жасап, депутаттар аны бир добуштан колдоп беришкен.

Жалпы сессияда парламентарийлер бир катар чуулгандуу иштер тууралуу суроолорду беришип, ага башкы прокурордун жоопторун угушту.

Жамшитов билдиргендей, былтыр Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине, 163 миң 549 арыз катталган. Анын 87 374ү кылмыш, 76 175и жорук болуп саналат. 2019-жылы прокуратура органдары мамлекеттин пайдасына 39 миллион 455 миң сомду өндүрүш үчүн сотко 998 доо арыз жиберген. Анын 81% канааттандырылып, 27 миллион сом өндүрүлгөн.

Жамшитов былтыр прокуратура органдары тарабынан 3882 кызматтык жана коррупциялык иштер Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын кошумчалады. Мунун 1355и иш тергөөнүн жыйынтыгында өндүрүштөн кыскартылган.

Өткүрбек Жамшитов 2018-жылдын апрелинен бери Башкы прокуратураны жетектеп келатат.

Количество просмотров: 104