Өлкөнүн башкы пульмонологу Талантбек Сооронбаев коронавирустун кесепеттерин иликтеген мекеме аралык комиссиянын жыйынтыгына макул эмес.
«COVID-19 күчөп турган учурдагы абалды иликтөөгө мен да кызыкчылыгым бар. Бирок анын курамына кирген адамдардын кесипкөйлүгүндө күмөнүм бар. Себеби алардын бирөө да коронавирус күчөп турганда кызыл зонага кирип иштеген эмес. Менин сөзүмдү Кыргызстандагы миңдеген дарыгерлер тастыктайт. Азыр эми күнөөнү дарыгерлерден издөө туура эмес», — деди Сооронбаев.
Эске салсак, мекеме аралык комиссия керектүү дары-дармектердин баасы көтөрүлүп, өлүм-житимдин саны жашырылганын, туура эмес дарылоо фактылары болгонун 22-январда жарыялады.