• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бассейнге чөгүп каза болгон баланын апасына арыз жаздырбай жатышканы айтылды

31 Тогуздун айы 202411:41 Бишкек Govori.TV

Буга чейин бишкектин А.Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан бассейнге бир бала чөгүп кетип каза болгону тууралуу милиция маалымат тараткан.

Милиция маркумдун апасы арыз жазуудан баш тартканын кошмчалаган.

Бүгүн, 31-октябрдагы ЖК жыйынында депутат Дастан Бекешев каза болгон баланын апасына азыр жаздырбай жатышканын айтты.

«Милиция тергөө кылган жок. Эми ар кандай милиция бар экен, алар керек болсо ЖМКларга айтып жатышат, «апасы өзү арыз жазбайм» деп айтты деп. Андай эмес экен. Ал «Мен тескерисинче жазам десем, мага жазбай эле кой деп жатышат» дейт. Жаш бала каза болуп жатса караш керек да, куткаруучулар болгонбу, жокпу, түшүнүксүз нерсе болуп жатат», — деди депутат.

Количество просмотров: 210