2-июнда Бишкек шаардык соту Махабат Тажибек кызынын Ленин райондук сотунун чечимине карата жазган апелляциялык арызын карап, канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу журналисттин адвокаты Акынбек Ногоев билдирди.
Анын айтымында, 23-мартта Ленин райондук соту Махабат Тажибек кызына карата козголгон кылмыш ишин токтотуу тууралуу адвокаттын өтүнүчүн канааттандырган эмес.
Адвокат бул чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна даттанган. 23-мартта Бишкектин Ленин райондук соту Махабат Тажибек кызынын ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карап, ага чыкпоо тил каты менен бошотту.
Буга чейин журналист Чүй облусунун Степное айылындагы №2 аялдар абак-колониясында кармалып турган.
Эске салсак, 2024-жылдын 10-октябрында Бишкектин Ленин райондук соту журналистти алты жылга эркинен ажыраткан. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту өкүмдү күчүндө калтырган, ал эми 2025-жылдын февраль айында Жогорку сот да төмөнкү инстанциялардын чечимин ырастаган.