• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Батирде бекилип калган 3 бала куткарылды

22 Жетинин айы 2023 9:18 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында куткаруучулар эшиги бекилип калган батирден 3 баланы алып чыгышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын Салиева көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган жаран батирине кире албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Батирдин ичинде 8, 5 жана эң кичүүсү 2 жашар балдар болгон.

Жерине келген куткаруучулар кол шаймандардын жардамы менен эшикти ачып, балдарды чоң атасына өткөрүп беришти. Балдар медициналык жардамга муктаж эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары балдардын жакындары менен профилактикалык баарлашуу өткөрүп, баланы кароосуз калтырбоого чакырышты.

Количество просмотров: 107