• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Батирдеги жарылуу. Окуянын жаңы жагдайлары айтылды

22 Баш оона 2023 9:36 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен чыккан жарылуудан улам түштүк кореялык 50 жаштагы аял каза тапты. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-август күнү саат 15:40та Бишкек ШИИББге 3-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринде газ боллон жарылып кеткени тууралуу маалымат түштү. Жерине келген ыкчам-тергөө тобу 1973-жылкы түштүк кореялык Л.С. аттуу аялдын сөөгүн табышкан. Алгачкы кароодо анын денесинен кыйноонун белгилери аныкталган эмес.

Дагы бир жабырлануучу  №3 шаардык балдар ооруканасына, экинчиси № 4 клиникалык Тез жардам ооруканасына жеткирилген. Тергөөгө чейинки текшерүү иши башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды

Количество просмотров: 204