• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Батирден аялдын жансыз денеси табылды

25 Тогуздун айы 20219:45 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги батирлердин биринен аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-октябрь күнү Биринчи Май районунун Юг-2 кичи районунда жайгашкан турак үйдүн батирлеринин биринде куткаруучулар бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1953-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылган.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 4 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 328