• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Караколдо унаа күйүп кетти

10 Бугу 202117:48 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарында жеңил унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-май күнү Каракол шаарындагы Коёнкөзов көчөсүндөгү короодо саат 19:20лар чамасында унаа токтоочу жай күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө Каракол шаарынын 2 өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Тилсиз жоо 19:40да чектөөгө алынып, 20:15да толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 280