• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Гуманитардык жардамга келген ун сатылып жатабы? Расмий жооп

14 Жалган куран 2022 9:34 Бишкек Govori.TV

Гуманитардык жардам катары келген ундар сатылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 14-январында Министрлер кабинетинин калктын аялуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча атайын буйругу чыгарылган. Ага ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан биринчи сорттогу ун республика боюнча таратылган.

«Ун сатылат деп Lalafo сайтына чыгарган жарнама ээси чынында аталган фонд тарабынан муктаж үй-бүлө катары өзүнө жана майыптыгы бар агасына 2 кап ун бекер алган. Ал Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылынын тургуну. Жардам катары алган унду өз алдынча сатууга чыгаруу өз эрки. Кайсы бир мамлекеттик орган же кызматкер кыянаттык менен элге берилүүчү унду сатып жатат деген пикир жаңылыштык жана чындыкка дал келбейт»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Елана Акматова аттуу Facebook колдонуучусу гуманитардык жардам катары келген ундар сатылып жатат жана бул жат көрүнүш экенин жазып, далил катары Lalafo сайтына чыккан жарнаманын сүрөтүн тиркеп чыгарган.

Количество просмотров: 618