• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Баткен: 31 кыргызстандык жаракат алып, 800дөй тургун көчүрүлдү

29 Чын куран 2021 21:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында болгон эки тараптуу кагылышууда 31 кыргызстандык жаракат алып, бир адам каза болду. Жараат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Коопсуз аймакка көчүрүлгөндөрдүн жалпы саны 848ди түздү. Анын 498и Баткен шаарына, 350сү Лейлек районуна көчүрүлдү.

Бул тууралуу Баткен облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

“Жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары аларды тамак- аш жана керектүү нерселер менен камсыздап жатат. Чек арада абал оор бойдон калууда. Атышуу токтой элек”.

28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болуп, кыргыз тараптан төрт, тажик тараптан жети адам жараат алганын эки өлкөнүн Чек ара кызматтары билдирген.

Количество просмотров: 175