• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баткен: Аскерге жаңы барган чек арачы өз жанын кыйды

5 Кулжа 202112:12 Бишкек Govori.TV

Баткенде чек ара отрядынын 18 жаштагы катардагы аскер кызматкери М.Д. өз жанын кыйды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 4-июнда, болгон. Жоокер өзүн-өзү атып салган. Ал ушул жылы жазында аскерге кызмат өтөөгө чакырылган.

Аскер бөлүгүндө болгон окуянын жагдайларын жана себептерин иликтөө үчүн Аскер прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 2650