• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Баткен: Чек ара жаңжалында 3 аскер кызматкери каза болду

30 Чын куран 2021 12:01 Бишкек Govori.TV

УКМКнын Чек ара кызматынын Коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү атышууда жабыркаган аскер кызматкерлери тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, чырда «Бөрү» атайын даярдыктагы отрядынын үч кызматкери каза болгон.

«Кечээ, 2021-жылдын 29-апрелинде, тажик тарап менен болгон кагылышуу учурунда, чек аранын «Бөрү» атайын даярдыктагы отрядынын үч кызматкери каза болуп, 20 аскер кызматкери ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышты. Учурда эки аскер кызматкердин абалы оор деп бааланууда», — деп жазылат маалыматта.

Мурда маалымдалгандай, чек арадагы жаңжалды тажик тарап чагымчыл кылган.

«2021-жылы 29-апрелде тажик аскерлери Кыргызстандын чек ара тозотторун жана чек ара заставаларын топтук куралдар менен аткылашкан. Ошондой эле Ми-24 тик учагында абадан тажик жараны Баткен облусунун Баткен районундагы Төрт-Көчө, Чир-Дөбө аймактарын аткылаган», -деп кошумчаланат маалыматта.

Количество просмотров: 354