Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Баткендеги чек ара окуясында жабыр тарткан айылдарды калыбына келтирүү үчүн облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебине элден келип түшкөн акча каражаты жана анын иштетилүүсү жөнүндө маалымат берди.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жалпы кыргыз элинен, жеке ишкерлерден, эмгек миграциясында жүргөн кыргыз жарандары тарабынан атайын эсепке 119 млн 695 миң 848 сом топтолгон.
“Бүгүнкү күндө анын 72 млн 683 миң 164 сомуна Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан тендер жарыяланып, анын 52 млн 98 миң 815 сомдук атайын комиссиянын макулдугунун негизинде жумуш аткарылып, 20 млн 584 миң 349 сомдук жумуш аткаруу алдында турат. Ал эми ден соолугунан жабыр тарткан 16 жарандын дарылануусу жана чек арадагы айылдардын тургундарынын 50 баласын эс алдыруусуна 1 млн 799 миң 750 сом жумшалган. Калган 65 млн 847 миң 283 сом акча каражаты атайын комиссиянын чечимине ылайык жумшалат”, — деп айтылат маалыматта.
Лейлек району боюнча:
Баткен району боюнча:
Кошумча:
Ден соолугунан жараат алган 16 жарандын дарылануусу үчүн – 1 млн 570 миң сом толугу менен бөлүнүп берилген.
Чек ара чырында жабыр тарткан айылдардагы жашоочулардын окуучу балдарын эс алдыруусуна 229 миң 750 сом каралган.
“Облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебинде азыркы күндө 65млн. 847миң 283 сом акча каражаты калган болсо, анын 20 млн 584 миң 349 сому түзүлгөн келишимдин негизинде жумуштар аткарылып бүткөрүлсө которулуп берилет. Учурда 45 млн 262 миң 934 сом акча каражаты үчүн элдин сунушу менен атайын комиссиянын тыкыр көзөмөлүнүн негизинде ачык-айкын сарпталат”, — деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 190 кыргызстандык жабыркап, 36 адам набыт болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 136 турак үй жана 84 объект күйгөн жана жабыркаган.