Бишкек.15.03.2019.Govori.TV.
Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Өкмөт тарабынан Баткен-Исфана-Баткен авиакаттамын уюштуруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Авиакаттам 2019-жылдын 15-мартында саат 13:00дөн баштап уюштурулду. Учуу убактысы 30 мүнөт.
Билеттин баасы:4 жашка чейин балдарга акысыз, 12 жашка чейин — 500 с, жүргүнчүлөргө-1000 сом.
Мындан тышкары, Бишкек-Исфана-Бишкек авикаттамы жумасына үзгүлтүксүз бир жолу (дүйшөмбү күнү) учат.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Бишкек-Исфана-Бишкек авиакаттамын жумасына үзгүлтүксүз эки жолу (дүйшөмбү, жума күндөрү) уюштуруу маселеси иштелүүдө.
Аталган авиакаттамдар «Тез-Жет» авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылат.