• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Баткен: Үйсүз калган жарандарга чатырлар тигилип берилди

18 Бугу 2021 16:26 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда турак жайсыз калган жарандарга көчмө үй жана чатыр тигилип берилди. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жалпы 75 мобилдүү көчмө үй жана чатыр тигилген.

Анын ичинен Баткен аймактык башкармалыгы тарабынан Лейлек районунун Максат айылына 25 чатыр тигилсе, ал эми «Кызыл Ай» коому тарабынан Баткен районунун Ак-Татыр айылына 16 көчмө үй, 8 чатыр, Ак-Сай айылына 8 көчмө үй, 8 чатыр, Достук айылына 10 чатыр тигилди.

Белгилей кетсек, чек арадагы куралдуу жаңжалдан жалпы 136 үй талкаланып калган.

Количество просмотров: 90