• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Баткен менен Жалал-Абадда жер титиреди

16 Аяк оона 202210:44 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык,15-сентябрда саат 11:38де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Ушул эле күнү саат 17:24тө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 82