Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Баткен облусунун аймактарында түзүлгөн кырдаалдан улам Баткен облусунун аймагында эвакуация иштери жүргүзүлгөнүн кабарлайт.
Бүгүнкү күндөгү маалымат боюнча, Баткен районунун Миң-Булак, Үч-Төбө, Таш-Тумшук, Көк-Таш, Ак-Сай, Көк-Терек, Орто-Боз, Самаркандек айылдарынан 14 361 жаран эвакуацияланып, Баткен шаары, Бужум, Чек, Жаңы-Жер, Ак-Турпак, Кара-Булак, Чоң-Кара, Рават айылына жайгаштырылган.
Лейлек районунан Борбордук, Интернационал, Арка, Саада, Максат, Достук айылдарынан 26 288 жаран эвакуацияланып, Сүлүктү, Исфана шаарларына, Кара-Булак, Коргон, Самат, Булак-Башы, Маргун, Кулуңду айылдарына жайгаштырылды.
Жалпы Баткен облусу боюнча 40649 жаран эвакуацияланган.
Эвакуацияга иштерине тартылагн күч каражаттар:
-КР ӨКМ–16 бирдик техника, 214 кызматкер;
-Автотранспорт кызматынан – 60 спринтер -60 кызматкер;
-Медицина кызматынан – 13 тез жардам автоунаасы- 35 медкызматкер.