• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Баткен облусунда аткезчилик ишке бөгөт коюлду

30 Жалган куран 2021 9:11 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда аткезчилик ишке бөгөт коюлду, — деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 26-мартында УКМК тарабынан «Баткен» бажысынын жардамы менен ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мандарин түрүндөгү контрабандалык жүктөрдү мыйзамсыз ташуу менен алектенген Баткен облусунун жергиликтүү тургундарынын контрабандалык иш-аракеттерине бөгөт коюлду.

Такталгандай, Лейлек районунунун «Р.С.Р» аттуу тургуну Mercedes-Benz автоунаасы менен кошуна өлкөлөрдүн аймагынан ташылып келген котрабандалык жүктү, Кыргыз Республикасынын базарларында өткөрүү үчүн атайын өткөрүү пункттарын айланып өтмөк. Контрабанда продукциясынын жалпы көлөмү 3 тоннадан ашык болгон. Бажы төлөмдөрүнөн качып төлөнбөгөн сумма болжол менен 50 миң сомду түзөт.

Ошондой эле Баткен облусунун Миң-Булак айылынан котрабандалык жол менен ташылып келе жаткан Баткен облусунун тургуну «Д.Н.М.» башкаруусундагы Mercedes-Benz Sprinter автоунаасынан жалпы салмагы 3 тоннаны түзгөн контрабандалык жүк кармалган.

Азыркы учурда кармалган жүктүн базар баасын аныктоо жана төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө боюнча «Баткен» бажы органдары тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Жүктүн жалпы суммасы болжолдуу түрдө 250 миң сомго бааланууда.

Кармалган жүк жана транспорт каражаттары тиешелүү коштоочу документтер менен бирге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 59