• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

“Баткен облусунун аймагында айрым айылдарды басып алышты” деген маалыматтар төгүндөлдү

30 Чын куран 2021 3:34 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы социалдык тармактарда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болуп өткөн акыркы окуяларда «Баткен облусунун аймагында айрым айылдарды басып алышты» деп тараган маалыматтарды төгүндөдү.

 «Бул маалымат жалган жана ачык чагымчылдыкты козутууда. Учурда эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин деңгээлинде саат 20: 00дөн тартып ок атышууну толугу менен токтотуу жана аскер күчтөрүн өз ордуларына чыгарып кетүү боюнча макулдашууга жетишилди. Буга байланыштуу биз жарандарды текшерилбеген маалыматтарга ишенбөөгө жана жалган маалыматтарды таратпоого дагы бир жолу чакырабыз», — деп белгиледи Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Замирбек Надырбеков.

Ошону менен бирге, Душанбе шаарында (Тажикстан Республикасы) өтүп жаткан ЖККУга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин жыйынына катышуунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев жана Тажикстан Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Насрулло Махмутзода жолугушуп,  анда чек ара маселелерин жөнгө салуу чаралары талкууланганын маалымдайбыз.

Количество просмотров: 1213