• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Баткен ОИББдин жетекчисинин орун басарынын өлүмүнө шектелип жээни кармалды

28 Жалган куран 2022 9:32 Бишкек Govori.TV

 Баткен ОИИБдин жетекчисинин орун басары Аскарали Мухамадиевди өлтүрүүгө шектелип 34 жаштагы жээни кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 27-март күнү, саат 11:17лер чамасында милицияга Баткен облустук бириктирилген ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө көкүрөгүнөн жаракат алган 1974-жылкы М.А. аттуу жарандын каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Баткен облустук милициясынын башчысы Мурат Боронов ыкчам тергөө кызматы менен биргеликте окуяны тактоо үчүн ооруканага барган. Ал жактан орун басарынын сөөгүн белгисиз адамдар Honda Odyssey автоунаасы менен жандандыруу бөлүмүнө таштап кеткенин билдиришкен.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Териштирүүнүн жүрүшүндө маркумду 34 жаштагы жээни Н.С. учтуу нерсе менен көкүрөккө сайгандыгы аныкталган. Шектүү мурда бир нече жолу соттолуп, жакында эле кылмыш жазасынан бошоп келген. Ал Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылында жашынып жүргөн жеринен кармалды. Аны менен кошо ыкчам тергөө тобу кылмышка тиешеси бар шериктери колго түштү», — деп айтылат маалыматта.

Учурда экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 79