• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Баткен, Ош жана Ысык-Көл ОИИБдерине жаңы жетекчилер дайындалды

19 Чын куран 2024 14:20 Бишкек Govori.TV

Ички иштер органдарынын жетекчилик курамында жаңы дайындоолор болду. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, коллегиянын чечими менен айрым облустардын жетекчилеринин кызмат орундары алмашты.

Министрликтин буйругу менен милициянын генерал-майору Мурат Боронов Баткен ОИИБдин башчысы кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл ОИИБдин башчысы кызматына дайындалды.

Ал эми Ош ШИИБдин карамагында турган милициянын полковниги Улан Жукенов Баткен ОИИБдин башчысы кызматына бекитилди.

Милициянын подполковниги Улан Орозалиев Бишкек ШИИББнын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (башкармалык укугунда) башчысы кызматынан алынып, Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары кызматына дайындалды.

Ошондой эле Ысык-Көл ОИИБдин карамагында турган милициянын подполковниги Максат Абдымомунов Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басарынын милдеттери убактылуу аткармай болду.

Количество просмотров: 81