• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Баткен прокурорунун өлүмү. Мелис Калыков өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилди

28 Жетинин айы 2019 9:23 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык соту Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө айыпталган 40 жаштагы Мелис Калыковду өмүрүнүн аягына чейин абакка кести.

Чечим 27-ноябрда чыкканын анын бир тууганы Дарика Калыкова «Азаттыкка» билдирди. Маалыматты Ош облустук сотунан тастыкташты.

Соттолуучунун эки адвокаты тең алыста болгондуктан отурумга катыша албай калганын билдиришти. Калыкова иниси куржалаага кабылганын, иш далилденбей эле сот чечими чыкканын айтып, нааразы болууда.

Мамажакыпов 2018-жылы 17-ноябрда киши колдуу болгон. Анын сөөгү Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча ошол учурдагы Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалып, Ош шаарындагы тергөө абагына киргизилген. Ал өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай келген.

Баткен прокурорунун өлүмүнө байланышкан сот жараяны 2019-жылдын 7-майында башталган. Тергөөдө 50дөн ашык күбө суралган.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 125