• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Баткен шаарында кыргыз-тажик чек ара боюнча координациялык кеңешме өтөт

16 Үчтүн айы 2020 11:12 Бишкек Govori.TV

16-январда Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча координациялык кеңешме өтөт.

Кеңешме вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун, чек ара маселелери боюнча Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Баткен облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлөт.

Анда чек арага чектеш жайгашкан аймакта коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча маселелер талкууланат. Ошондой эле тажик тарап менен сүйлөшүү процесси боюнча калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чек ара кызматташтыгын бекемдөө тууралуу маселелер талкууланат.

15-январда кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүнү боюнча Бишкекте өткөн митингде вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун отставкага кетүүсүн,  9-10- январда кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырда күч органдары тарабынан кармалган 4 жаранды тез арада бошотууну жана бийликтин чек ара маселесин чечүүнү талап кылышты.

Эске салсак, буга чейинки митингде 9-10-январда кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырда күч органдары тарабынан кармалган 4 жаранды тез арада бошотуу талабы менен уюштурулган болчу.

Көк-Таш айылында 10-январга караган түнү чыр чыккан. Тажик тарап кыргыз жарандарынын унааларын талкалап, кийинчерээк ок чыгарган. Буга байланыштуу аялдар жана балдар Көк-Таш айылындагы орто мектепке жайгаштырылган. Жалпысынан 254 адам кайра үйлөрүнө кайрылып барышкан.

Чыр-чатакты жөнгө салууну талкуулоо максатында 14-январда өлкөнүн делегациясынын жолугушуусу өттү.

Кыргыз тараптан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган делегацияда Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин жетекчилери, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча чаралар, чек ара коопсуздугун бекемдөө, чек ара окуяларын алдын алуу чаралары, ошондой эле чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин активдештирүү маселелери талкууланып, сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки тарап күн тартибиндеги алты маселени макулдашып, протоколго кол коюшту.

Количество просмотров: 42