• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Баткен согушунун ардагерлери нааразычылык акциясын уюштурду

22 Жетинин айы 2018 11:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.11.2018. Govori.TV

Бүгүн 22-ноябрда саат 8де Баткен согушунун катышуучулары нааразычылык акциясын уюштуруп, Каржы министрилигин имаратынын алдына чогулушту. Баткен согушунда курман болгондордун ата-энесине жыл сайын берилген 5000 сом акча быйыл берилген эмес. Алардын акция уюштуруусунун себеби дагы ушул маселе болгон.
Берилген акчага каза болгон жоокерлердин жаркын элесине арналып жыл сайын куран окутулуп келген. Нааразычылык акциясына катышкандардын саны 50гө жетип, Каржы министри алардын 15тейин кабыл алып,арыз-муңун укту.
Баткен согушунун ардагерлеринин төрагасы Сатыбек Молдалиев Каржы министри маселени чечип бергенин,ноябрь айынын аягына чейин жоокерлердин ата-энелерине акча бериле турганын айтты.

“Баткен согушуна катышып, курман болгондордун саны 54 адамды түзөт. Биз 26-октябрда ар жыл сайын куран окутчубуз. Быйыл акча берилбегендиктен куран окутулган жок. Бардык тараптарга кайрылганбыз. Каржы министрилиги чечет дешкен. Бүгүн Баткен согушуна катышкандар эрте менен саат 8де чогулуп, бул жакка келдик. Бардык күч структуранын кызматкерлери,ардагер,ветерандар чогулушту. Министр Адылбек Касымалиев сурообузду чечип берди. Ал ноябрдын аягына чейин Баткен согушуна катышкан жоокерлердин ата-энелери акчасына ала турганын айтты”,-деди Сатыбек Молдалиев.

Ал эми буга чейин акчанын берилбей калганын себебин чиновниктердин кайдыгерлигинен жана тоң моюндугунан улам болгонун түшүндүрдү. Бирок акча берүү ким тарабынан токтотулганына ачык жооп болгон жок.
Эскерте кетсек кыргызстандын түштүгүндө Баткен коогалаңы 1999-2000-жылдары Баткен облусунун Баткен районунда болгон. Эл аралык террорчулар күтүүсүз Баткен шаарчасына кирип келишкен. Бул коогалаңдан 60ка жакын жоокер каза болгон. Быйыл Баткен коогалаңына 18 жыл болду.

Количество просмотров: 75