• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Баткен жана Лейлек райондоруна жаңы акимдер дайындалды

5 Бугу 202112:04 Бишкек Govori.TV

Учкунбек Жоробаев Баткен районунун акими болуп, ал эми Алмазбек Рахманкулов Лейлек районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Ошондой эле Кадамжай районунун акиминин милдетин аткаруучу Абдыманнап Жакбаров өз каалоосу менен кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган, анын ордуна Кутпидин Шакиров дайындалды.

Количество просмотров: 45