• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Баткен жана Лейлекте 8 миң үй жарыксыз калууда

18 Аяк оона 2022 15:33 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунда электр жабдыктарын калыбына келтирүү иштеринен кийин, 18 аныкталган 10 кВ аба чубалгыларынын 11 даанасы өчүрүлгөн бойдон калууда.

Улуттук энергохолдингден билдиришкендей, 8 миң 79 үй электр энергиясыз калууда.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылыш башталгандан бери жалпысынан 15 линия үзүлүп, 32 калктуу конуш электр энергиясыз калган, анын ичинен Баткен облусунда 26, Лейлек районунда 6 конуш.

Кечээ кечинде Лейлек району боюнча дагы 6-10 кВ аба чубалгыларында 3 авариялык өчүрүү аныкталган.

Бүгүнкү күндө 7 даана 10 кВ аба чубалгылары «Кыргызстан УЭТ» акционердик коомунун оперативдүү топтору тарабынан чыңалууга кошулду. Калган линиялар аймакта түзүлгөн оор кырдаалдан улам чыңалуусуз калууда.

Ош облусунун Чоң-Алай районунда электр энергиясы менен камсыздоо боюнча абал туруктуу.

Количество просмотров: 186