• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Баткен жана Ворухтун калктуу пункттарында кайрадан жаңжал чыкты

23 Чын куран 201910:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.04.2019.Govori.TV.

Чек арага жакын жайгашкан Баткен жана Ворухтун калктуу пункттарында кайрадан жаңжал чыкты. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, кечээ Баткендик 2-класстын окуучусу шагыл жүктөп жаткан Тажикстандык жаранга карата таш ыргыткан. Баланы Ворухтун милициясы кармап кеткен. Жергиликтүү эл чыгып, баланы кайтарып берүүнү талап кылышкан.

«Жол жабылган жок, баланы кайтарып беришкен соң эл тарап кеткен», -деп билдиришти алар.

Учурда абал туруктуу. Аймактагы өкмөттүн өкүлчүлүгү азырынча окуя тууралуу түшүндүрмө бере элек.

Эске салсак, 13-мартта дагы эки мамлекеттин чек арасында жаңжал чыккан. Окуя Тажикстандын Тожикон айылынын жашоочулары чек араны демаркациялоо иштери аяктаганга чейин Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай — Тамдык унаа жолунун курулушун токтотууну талап кылгандан кийин башталган.


Количество просмотров: 15