• Жума 10 Теке 2026
  • Пятница 10 Июль 2026

Баткенде 1,7 тонна жапайы кара куурай өрттөлдү

10 Теке 202610:51 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жана баңгиликтин алдын алуу максатында «Кара куурай» комплекстүү рейддик иш-чарасы өтүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Рейд облустук жана райондук милициянын кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү биргеликте жүргүзүлгөн.

Кароо жүргүзүүнүн натыйжасында 1,5 гектар жерден болжол менен 1 тонна 700 килограмм жапайы өскөн кара куурай орулуп, өрттөө жолу менен толугу менен жок кылынды.

Милиция кызматкерлери аймактарда баңгизатка каршы алдын алуу иш-чараларын улантууда.

Количество просмотров: 29