Баткен облусунда селдин кесепеттерин жоюу боюнча иштер аткарылууда.
Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен президенттин өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаевдин жетекчилигинде жыйын өттү.
Ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, селдин кесепеттерин жоюу, аймактарды тазалоо жана келтирилген чыгымдарды тактоо иштери боюнча маалыматтар угулду.
Учурда келтирилген материалдык чыгымдардын көлөмү такталууда.
Белгилей кетсек, күн мурун Баткенде нөшөрлүү жаандан улам бир катар айылдарда сел жүргөн.