Баткен облусунун Кадамжай районунда 1000ден ашуун айым катышкан жай чуркоо иш-чарасы болуп өттү.
Маалыматка ылайык, айымдар арасында сергек жашоо образын калыптандырууну демилгелеген Венера Нусуратиллаева баштаган жергиликтүү активисттердин, айымдарды таң эрте чуркоого болгон чакырыгы 1000ден ашуун айымдын башын бириктире алды.
Айымдардын аракети Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан да колдоого алынып, Баткен жана Ош облусунан чогулган айымдар, тазалык, ден соолук, ынтымак үчүн марафонго катышты. Айымдар 6,5 чакырым аралыкка чуркашты.