• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Баткенде 19 тонна помидор аткезчилигине бөгөт коюлду

30 Жалган куран 2021 9:54 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аткезчилик ишмердүүлүктү аныктоо боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында Баткен облусунда помидор аткезчилигине бөгөт койду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылы 27-мартта “Жаңы-Жер” чек ара өткөрмөсүнүн жана УКМКнын Чек ара кызматынын Отдела оперативдик иш башкармалыгынын чек арачыларынын жардамы менен Баткен райондук сотунун санкциясына ылайык, “Шоро” май куючу жайынын кампасына тинтүү жүргүзгөн.

Тинтүүнүн жыйынтыгында, кампанын аймагынан памидор жүктөлгөн КРнын жарандары Р.С.Х. жана К.А.Р.га тиешелүү чиркегичи менен «Volvo» жана коңшу өлкөнүн жарандары А.А. жана С.М.га тиешелүү болгон «Mercedes-Atego» маркасындагы автоунааkfh табылган. Болжолдуу маалыматтар боюнча, аткезчилик жүктүн жалпы салмагы 19 тоннаны түзөт.

Коңшу өлкөнүн кармалган жарандары Баткен райондук Ички иштер органынын убактылуу камак жайына киргизилди.

Кыргыз автоунаасынын айдоочуларына карата тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгында алардын иш-аракеттерине карата юридикалык баа берилет.

Иштин материалдары КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыш белгиси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда иш боюнча фактылык жагдайларды жана ага катышкан адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 46