• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Баткенде 78 үй, 2 мектеп, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн жабыркады

2 Бугу 202117:40 Бишкек Govori.TV

Акыркы маалыматтар боюнча, Баткенде 78 үй, 2 мектеп, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн жабыркады. Бул тууралуу маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Баткендеги чек ара чырынан жабыркаган жайлар туурасында маалымат берип жатып билдирди.

«Маалыматтар 1-май саат 20:30га карата алынган. Баткен облусунун аймагында жалпы 78 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 3 чек ара заставасы, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн жабыркаган жана күйгөн”, — дейт ал.

Учурда жалпы чыгымдын эсептелип жатканы кошумчаланды.

Количество просмотров: 155