• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

ЖЭБдеги авария. Чыгымдын алдын ала суммасы айтылды

11 Чын куран 2024 14:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариядан улам келтирилген чыгымдын алдын ала суммасы 69 млн 630 миң сомду түздү. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкек ЖЭБинин директору Алпбек Садыров билдирди.

Анын айтымында, келтирилген зыяндын көлөмү дагы өсүшү мүмкүн.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 2-февралында саат 03:00 чамасында ЖЭБде авария орун алып, натыйжасында жабдыктар иштен чыккан. Мындан улам шаарга жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учураган.

Күйүк алган кызматкерлер Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн.

Кырсыктын кесепетин жоюу аракеттери жүрүп, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлгөн.

Теги:
Количество просмотров: 172