• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Баткенде абал туруктуу

16 Кулжа 201811:46 Бишкек Govori.TV

 Бишкек.16.06.2018.Govori.TV.

15-июнь күнү Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунун аймагында катуу жааган жаандын себебинен жүргөн селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары, бүгүн саат 09:00дө башталды.

Учурда Кадамжай районунда КР ӨКМнин 6 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 84 адам, айыл аймактардан 7 жүктөгүч, 2 самосвал, 2 грейдер, 2 трактор, 1 экскаватор, №46 ЖТИден 2 грейдер иш алып барууда. Лейлек районуна жергиликтүү тургундардан 27 адам, айыл аймактардан 3 экскаватор, 1 грейдер, 2 самосвал, райондук суу чарба башкармалыгынан 2 жүктөгүч, Кытай жол куруу ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер тартылган. Баткен районунда жергиликтүү тургундардан 15 адам, айыл аймактардан 2 грейдер, райондук суу чарба башкармалыгынан 1 грейдер иш алып барууда.

Мындан сырткары райондук Жарандык Коргонуу комиссиялары жер-жерлерде тактоо иштерин жүргүзүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 123