• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Баткенде айылдык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды

29 Жалган куран 2023 17:48 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын айылдык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөргөн иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарында Баткен облусунун ИИБнын айылдык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы милициянын капитаны А.М.К. кармалды.

Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн эл аралык жана мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

А.М.К. кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында бир жылдан ашык убакыт Бишкек шаарынын аймагында жашырынып жүргөн. Ага карата 2021-жылдын 23-декабрында Биринчи май шаардык соту камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын сырттан тандаган.

Количество просмотров: 592