Баткен шаарында аскер кызматкеринин жансыз денеси табылды. Облустук милициядан кабарлашкандай, ал келишимдик негизде Улуттук Гвардиянын аскердик бөлүмчөсүндө кызмат өтөп жүргөн.
Анын жансыз денеси өзү жашап жаткан батирден табылган. Ал асынып каза болгон. 23 жаштагы аскер кызматкери Ноокат райондук аскердик комиссариат тарабынан 2017-жылы чакыртылган.
Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, аскер кызматкеринин өзүнүн өмүрүнө кол салуусуна туугандары менен уруша кеткени себеп болгон.
«Ата-Бейитте» чек ара чырында курман болгон аскерлер эскерилди
«Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардын үч жылдыгына арналган эскерүү …