• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Баткенде аткезчилик жүктөрдү чек арадан өткөрүү аракеттерине бөгөт коюлду

22 Үчтүн айы 2022 12:47 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын 21-январында КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары мамлекеттик чек ара аркылуу бир нече мыйзамсыз аткезчилик жүктөрдү алып өтүү аракеттерине бөгөт коюшту. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы маалымдайт.

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Галча айылында (Өзбекстандын Чоң-Кара анклавынан чыга беришинде) Кыргызстандын чек ара кезмети КР Мамлекеттик бажы кызматы жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен биргеликте Кыргызстандын 1991-жылы туулган Д.Т. аттуу жаранынын башкаруусунда «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунааны кармашкан.

Унааны текшерүү учурунда Өзбекистанда чыгарылган идиш-аякты аныкташкан. Айдоочу бул жүктөрдү Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Ушул эле күнү Баткен районунун Ак-Өтүк айылында Өзбекстандын чек арачылары КР УКМКнын Чек ара кызматынын чек арачыларына Кыргызстандын Чоң-Талаа айлында жайгашкан стационардык постту айланып өтүп Өзбекистандын Сох анклавына 2800 кг лимонду алып кирүүгө аракет кылышкан Кыргызстандын 1981-жылы туулган П.Г., 1986-жылы туулган И.Т. жана 2006-жылы туулган Э.Р. атуу жарандарын жана аларга тиешелүү болгон «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү автоунаасын өткөрүп беришкен.

Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң кармалган жарандар жана жүктөр мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 150