• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Баткенде баңгизаттар, курал жана ок-дарылар сакталган жер табылды

14 Жалган куран 2021 11:35 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда баңгизаттар, курал-жарактар жана ок-дарылар сакталган жер табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалыматы кызматы билдирет.

Билдирүүдө айтылгандай, 2021-жылдын 11-мартында баңгизаттарды жана курал-жарактарды мыйзамсыз сакталган фактысын бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Баткен областынын Баткен районунан курал -арактар жана ок-дарылар сакталган жер табылып алынды.

Жашырылган жерден мылтыктын 5,45 жана 7,62 мм калибрдеги 37 даана ок, жана ошондой эле таңгакталган белгисиз заттар, жалпы салмагы 250 граммдан ашык марихуана спецификалык жыты бар заттар табылып алынды.

Бул материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси («Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш ишине катталды.

Табылып алынган заттар тийиштүү экспертизага жиберилди.

Азыркы учурда УКМК бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды улантып жатат.

Количество просмотров: 200