Баткен шаарында бала бакчадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигининбасма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын Раззаков көчөсүндө жеке менчик балдар бакчасынын ажатканасында өрт чыккан. Жерине шаардагы Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, саат 11:17де толугу менен өчүрүлгөн.
Бактыга жараша жабыр тарткандар болгон жок. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себеби такталууда.