• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Баткенде чагымчылдыкка шектелген 4 тургун 1 айга камакка алынды

14 Үчтүн айы 2020 15:26 Бишкек Govori.TV

Кадамжай райондук соту 11-январда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган Баткен районунун Көк-Таш айылынын 4 тургунун 1 айга камакка алуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Баткен милициясынын маалымат катчысы Дамира Юсупова “Маралга” билдирген.

11-январда Баткен облустук милиция кызматкерлери Көк-Таштын 4 тургунун кармаган. Милиция алардын чек арада кыргыз-тажик элдеринин ортосунда чагымчылдык кылууга шектелгенин айтууда.

белгилей кетсек, кармалган жарандарды бошотуу талабы менен Баткен облустук бийлигинин имаратынын алдында жана Бишкектин борборунда 13-январда нааразычылык акциялары өткөн.

Количество просмотров: 76