• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Камактагы Темирлан Султанбеков кайрылуу жолдоду

24 Жетинин айы 202515:01 Бишкек Govori.TV

Учурда убактылуу камоочу жайда жаткан Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун кайрылуусун анын апасы Кыял Токторбаева 24-ноябрда Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

«Биз шайлоолорго ар дайым мыйзамдуу жолдор менен катышып келгенбиз. Айыптоо актысына менин инфляцияга, баалардын көтөрүлүшүнө каршы билдирүү жасап, энергетикалык каатчылык жана майнинг, чет өлкөлүк жарандардын кыймылсыз мүлктөрдү сатып алып жатканы тууралуу айткандарымды жазышыптыр. Ушуларды айтса, элдин маселесин көтөрсө болбойбу? Тергөөчүлөр менин бийликтин алмашуусун божомолдогонумду айтып жатышат. Алар акылынан айныганбы? Бул жерде эмнеси мыйзамсыз? Менин акыркы маектеримди көргүлө, мен бардык жерде болгонун болгондой эле ачык айтып жатам. Мен Сапар Исаков менен соңку беш жылдын ичинде бир эле жолу сүйлөшкөм. Аны өлкөгө өткөрүп бербей жатышканын, бийлик аны алып келүүгө аракет кылып жатканын мен Садыр Жапаровдун ачык билдирүүсүнөн улам билгем. Мени үчүнчү жолу шайлоого байланыштуу камап жатышат», — деп жазган Султанбеков.

Бийлик өкүлдөрү бул билдирүүгө байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Количество просмотров: 4257