• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Баткенде ички каттам калыбына келтирилди

21 Аяк оона 2022 15:19 Бишкек Govori.TV

Баткенде облус менен райондорду жана айылдарды байланыштырган ички каттамдар калыбына келтирилди. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги брифингде президенттин облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев билдирди.

Анын айтымында, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан куралдуу кагылышуу учурунда жабыркаган жолдор жана көпүрөлөр калыбына келтирилип, пайдаланууга берүү иштери жүрүүдө.

“Облус менен райондорду бириктирген атайын каттамдар жанданып, ишмердүүлүк жүргүзүлүүдө”, — деди ал.

Эске салсак, 14-17-сентябрда Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына кол салган.

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн чыккынчылык менен пландалган аскердик басып кирүүсүнүн натыйжасында 59 адам мүрт кетип, 198и жарадар болгон.

Количество просмотров: 56