Баткенде турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, 28-май күнү Кызыл-Кыя шаарында Н.К. таандык турак (времянка) үйдө өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. 4 өрт өчүрүүчү куткаруучулардын жардамы менен саат 16:57де өрт чектөөгө алынып, 17:17де толугу менен өчүрүлдү.
«Электр зымдарынын кыска туташуусунан улам чыккан өрттүн аянты 24 чарчы метрге жетип, тилсиз жоонун кесепетинен 1 даана эшик, терезе, электр меши, 4 даана жууркан, 10 даана балка, 20 даана айырмач (стропила) жана 30 даана шифер өрттөнгөн»,-деп айтылат маалыматта.
Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес.