• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баткенде күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды 

9 Теке 202017:29 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 9-июлда болжол менен саат 12:39да Таджикистан Республикасынын аймагында жер титирөө катталып, очогунда күчү 5 баллга жеткен.

«Жер титирөө Баткен облусунун Лейлек районунун Алга, Жеңиш айылдарында 5 балл, Сүлүктү шаарында Лейлек районунун Исфана шаарында 4 балл, Катраң айылында 4 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 170